Акыркы кезде көзү өтүп кеткен атактуулардын жашаган үйүн сатуу модага айланды. Дегеним, жакында эле легендарлуу актриса Мэрилин Монро жашаган особняк сатылган. Эми поп-падыша Майкл Жексондун үйү сатылууда. Жексондун АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы үч кабаттуу вилласы бак, бассейн жана башкасы болуп 5 000 чарчы метр жерден орун алган. Ал 29 миллион долларга бааланууда. Эскерте кетсек, залкар музыканттын сөөгү дал ушул үйдөн чыккан.