2008-жылдан бери кыз-жигит катары жетелешип келген R&B-ырчы Алиша Киз менен рэп-ырчы жана продюсер Свизз Битс баш кошушту. Атактуу жылдыздардын үйлөнүү тою Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги особнякта белгиленди. Эки жашты жакын туугандары, досторунан тышкары “U2” тобунун ырчысы Боно, актриса Куин Латифа сыяктуу белгилүү жылдыздар келип, куттуктап кетишти. Белгилей кетчү нерсе, ушул жылдын ноябрь айында баш кошкон жубайлардын тун баласынын жарыкка келүүсү күтүлүүдө.