“Forbes” журналы акыркы бир жылда Голливудда эң көп акча тапкан актрисаны сураштырса, Сандра Буллок болуп чыккан. Анын бир жылда тапкан кирешеси 56 миллион долларды түзгөн. Кийинки орундарга Риз Уизерспун, Кэмерон Диаз (экөөнүкү тең 32 миллион доллар) жана Женнифер Энистон (27 миллион доллар) илинген.