Юрмалада өткөн Эл аралык “Жаңы толкун – 2010” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Көпчүлүк украин ырчысы Татьяна Ширко жеңүүчү болот деп ойлошкон. Себеби ал буга чейинки көрсөткүч боюнча алдыда келе жаткан. Андан бир упайга озуп кеткен армян ырчысы Сону Шахгельдян сынактын жеңүүчүсү аталды. Ал баш байгеге коюлган 50 миң еврону капчыкка кампайта салып, мекенине кайтты. Ал эми экинчи орундагы Ширко 30 миң, үчүнчүдөгү эстон ырчысы Уку Сувисте 20 миң евро акчалай байгеге ээ болуп, элине кайтышты.