ОШТУК БАЛДАР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫШТЫ

11-июнга караган түнү башталган Ош окуясы учурунда көбүнчө жаш балдар коргоосуз калышкан. Ушул күндөн тарта Ош шаарынан Бишкек шаарына балдар топ-топ болуп учуп келген. Баары биригип 1660 кыздар-балдар кийин Ысык-Көлгө жөнөтүлгөн. 2 жаштан 18ге чейинки өзүнчө топторго бөлүнгөн балдарга көлдүн жээгинде эс алуу уюштурулуп, каргашалуу күндөрдү унутуу үчүн шарт түзүлгөн.
Ушундай топтордун бирин жетектеп жүргөн “Жаштык” республикалык борборунун спорт боюнча координатору Алмаз Тойчуев балдардын акыркы тобу Ошко бул аптада кайра учуп кеткендигин кабарлады. “Балдардын арасында интернаттан келгендер да болду. Балдарга колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин психология факультетинде окуган студенттер волонтёр иретинде чакырылышты”,- дейт ал. Айтылган иш-чараларды Убактылуу өкмөт жана Билим берүү министрлиги өткөргөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MARAL
2010-08-07 20:56:58
Азаматсынар!!!Алга Кыргызстаным!!!
0
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан