ӨМҮРБЕК СУВАНАЛИЕВ «СОДРУЖЕСТВО» ПАРТИЯСЫНА ТОКТОДУ

Буга чейин эл арасында “Комиссар Катани” деген атка конгон Өмүрбек Суваналиев түрдүү партиялардын төрагалык кызматын тандап бүтпөй жүргөнү коомчулукта кеңири айтылган эле. Бирок өзү менен байланышка чыкканыбызда Өмүрбек Суваналиев Токон Мамытов жана Жеңишбек Байгуттиев менен “Содружество” деген саясий партиянын курамына кошулганын кабарлады. Бул партиянын кыргызча аталышын сураганыбызда Өмүрбек мырза каттоодон орус тилинде өткөндүгүн айтты.
Партия он жыл мурун түзүлгөн, бирок 2007-жылы жоюлуп, быйыл жаңыдан каттоодон өткөн. Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, бул партия көп улуттун өкүлдөрүнөн тургандыгы менен айырмаланат. Ал эми буга чейинки “Ата Журт” партиясындагы тең төрагалык кызматынан кеткендигине республикалык масштабдагы партияны түзүү себеп болгондугун билдирет. Жаңы түзүлгөн партиянын курултайы парламенттик шайлоонун расмий күнү аныкталгандан кийин өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 405, 6-12-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан