Коомчулук арасында дүрбөлөңдү жараткан окуя 29-июлда Москва шаарында болуп өткөн. Кыргызстандык 31 жаштагы (кээ бир маалыматтарда 21 жаштагы) Гүлзат Эгембердиева бир тууганы менен “Гемотест” жеке клиникасына жашыруун аборт жасатуу үчүн барат. 15 жумалык боюнда бар аялды медиктер операцияга алып кирип кетип, тууганын дарыканага жөнөтүп жиберишет. Бирок эжеси кайра келгенде аны клиникага киргизбей коюшкан. Ал ошол замат “Арбат” Ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылат. Милиция кызматкерлери клиниканын жетекчисин жана бул окуяга тиешеси бар дарыгерлерди камакка алганын орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирет.
Кийин белгилүү болгондой, операция учурунда Гүлзаттын абалы оорлошуп кеткенине карабастан, врачтар жардамга кошумча топту чакырган эмес. Бир сааттан кийин аял операция столунда кансыроодон каза болгон. Андыктан врачтар кылмышын жашыруу үчүн анын сөөгүн машинага салып, сейил бакка таштап келишет. Эртеси сейил бакта эс алып жүргөн шаардыктар сөөктү таап алышкан. Кызыктуусу, сөөктү ооруканадан алып чыгып жатышканда мунун баарын видеокөзөмөлдөөнүн камерасы тартып турган.
Учурда операцияны жасаган Елена Олейниковага карата Орусия Федерациясынын мыйзамынын 109-беренеси боюнча (кылдатсыздыктан улам адам өлүмүнө себепкер болуу) кылмыш иши козголгон. Эгерде маркум Гүлзатты туугандары издешпесе, балким, анын өлүмү тууралуу эч ким билбей калмак беле? Анын үстүнө врачтардын мындай аракети бул сыяктуу окуялардын биринчи эместигинен кабар бериши мүмкүн.