“Өлкөдө ушул убакытка чейин 34 объект улутташтырылды. Анын 14үн сатуу пландалууда”,-дейт Мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев. Ал эми 18и мамлекеттин эсебинде калып, экөөсү муниципалдык менчикке берилет. Анын айтымында, алар экс-президент Курманбек Бакиевдин учурунда мыйзамсыз менчиктештирилген. Мамлекеттин карамагына берилген объектилердин ичинде “Чакан ГЭС” ишканасы, “ЯК-40” учагы, “АзияУниверсалБанк”, “Каприз”, “Витязь” жана “Аврора Грин” сыяктуу пансионаттар бар. “Пирамида” телерадиокомпаниясы менен “Петрол групп” Жабык акционердик коому борбор шаардын жеке менчигине өткөрүлүп берилет.