Азыркы учурда түрдүү партиялар "чоң казаттын" алдында элге аралашып, ар кандай иш-чараларды уюштуруп жүрүшөт. Анын катарында “Жашасын Кыргызстан” партиясынын өкүлү Мурзали Бөрүбаев жетектеген топ Ош, Өзгөн шаарларында кыргыз жана өзбек улутун элдештирүү менен алек болууда. Андан сырткары аталган партиянын филиалдары түрдүү аймактарда ачылып жатат.
Маалымат үчүн: “Жашасын Кыргызстан” партиясы 2006-жылы негизделген. Анын лидери – Мурат Назарматов. 2007-жылы парламенттик шайлоого катышкан. Бирок бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп, күрөштөн четтетилген. Партиянын курамы мамлекеттик кызматта иштебеген жарандардан турат.