“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзамга ылайык шайлоонун расмий күнү 9-августта же 10-августта жарыяланарын билдирди. Коомчулук арасында парламенттик шайлоонун датасынын так айтылбай жатканына байланыштуу түрдүү кептер тараган эле. Бирок бул аптада Ош жана Жалал-Абад облустарына убагында киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү аяктай электигинен улам жарыяланбай жаткандыгы белгилүү болду. Ал эми аталган облустарда өзгөчө абал 10-августта бүтөрү буга чейин айтылган.
Маалымат үчүн: Шайлоо 10-октябрда өтөт деп айтылып калганына байланыштуу 10-август шайлоонун так күнү жарыялана турган акыркы күн болуп саналат. Анткени Шайлоо жөнүндө кодекске ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоо күнү өтөрүнөн 60 күн мурун жарыяланат.