Өткөн аптада "ишкер жана “Мекен Туу” партиясынын башчысы Урматбек Барыктабасов 5-августта Бишкек шаарында курултай өткөрөт" дегенден баштап эл арасында "дагы тополоң болот экен" деген сөздөр жайылган. Айтылган күнү саат 10:00дө эски аянтта эмес, Горький атындагы сейил бакта акырындык менен эл чогула баштады. Митингдин катышуучуларынын көпчүлүгү ак калпак кийип, колдоруна ачык жашыл түстөгү боо тагып жүрүштү. Сейил бактагы митингдин катышуучулары түшкө жакын Барыктабасовдун унаасы шаарга келе жаткан жолдо тартип сактоо органдары тарабынан токтотулганын айтып, Жогорку Кеңеш жайгашкан эски аянтка жөнөштү.
Саат 14:00дөн кийин Кант менен Бишкек шаарларынын ортосунда жайгашкан Киргшёлк айылында Барыктабасовдун тарапташтары менен куралдуу аскерлердин ортосунда кагылышуу башталган. "АКИpress" агенттигинин маалыматына караганда, анда бир адам жаракат алган.
Ошол эле учурда Казакстандын экономикалык жана паракорчулук кылмыштуулугу менен күрөшүү боюнча департаменти Урматбек Барыктабасовго издөө жарыялаганы интернет маалымат булактарында жазылды. Митингдин уюштуруучулары бул маалыматты төгүнгө чыгарып, айрым адамдар Барыктабасовго карата саясий кысым болуп жатканын жана парламенттик шайлоого баруу үчүн тоскоол кылып жатышкандыгын айтышты. Ал эми Азимбек Бекназаровдун айтымында, эгерде ал курултайга келе турган болсо, укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлмөкчү.
Эскерте кетсек, Урматбек Барыктабасовдун тарапташтары 2005-жылы 17-июнда Ак үйдү басып алышкан. Андан кийин ага кылмыш иши козголуп, чет өлкөгө качып кетүүгө аргасыз болуп, бирок быйылкы жылдын 13-июнунда ал кайра мекенине кайтып келген.
Саат 17лерде гезит басууга жөнөтүлүп жаткан кезде митингдин катышуучулары укук коргоо органдары тарабынан куулуп таркатылганы белгилүү болду.