Бир жума мурун колго түшүрүлгөн Урматбек Барыктабасов ушул күнгө чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын изоляторунда кармалууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анын иши Баш прокуратурага өткөрүлгөн. Учурда тергөө жүрүп жаткандыктан, башка маалымат берилген жок.
Өткөн аптада прокуратура эгерде буга чейин айтылган маалыматтар боюнча Казакстан Урматбек Барыктабасовду экстрадициялоону сураса, аны өткөрүп берүү жагы да караларын билдирген. Эскерте кетсек, Казакстандын каржы полициясы У.Барыктабасовго издөө жарыялаган эле.
Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, УКМКнын айрым кызматкерлери тарабынан Урматбек Барыктабасовду колдоп чыккан митингдин катышуучуларына куугунтук жүрүп жатат. Бул тууралуу сураганыбызда басма сөз кызматы куугунтук болуп жатканын моюндап же “андай эмес” деп маалыматты жокко чыгара да алган жок.