Орусиянын президенти Дмитрий Медведев ырчы Варварага Эмгек сиңирген артист наамын ыйгарды. Сыйлык ээси “бул мен үчүн күтүлбөгөн жагымдуу кабар болду. Эмгегимди баалаган өлкө башчысына жана эң негизгиси күйөрмандарыма чоң рахматымды айткым келет” дейт. 37 жаш курагында мындай сыйлыкка ээ болгон Варвара күйөрмандарын аз күндө жаңы чыгармалары менен кубандырууга сөз берди.