“Аватар”, Титаник” тасмаларынын “атасы”, режиссёр Жеймс Кэмерон 56 жашын өзгөчө белгиледи. Кантип дейсизби? Ал "Мир-1" суу астында жүрүүчү кемени заказ кылган. Экипажды топтоп алып Байкал көлүнүн түбүндө жакын адамдары менен туулган күнүн өткөрдү. Мындай майрамды Кэмерон легендарлуу “Титаник” тасмасын тартып жатканда ойлоп коюп, ошондон бери суу түбүндө туулган күнүн белгилөө кыялында гана болуп келген.