Өзгөчө үнү, стили менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан Шакира учурда укмуштуудай концерттик турга камынып жатат. Турдун уюштуруучусу "Punchdrunk" театрынын жетекчиси жана режиссёр Феликс Барреттендин айтымында, ал кыш мезгилинде Улуу Британияда өтмөкчү. Концерттин деңгээли дүйнөлүк масштабда болот. Анда жалаң гана позитив, мыкты шоу- программалар жана ырчыдан оригиналдуу бийлер күтүлөт.