АЙЫМДАР ҮЧҮН Сүйлөшкөн жигитиңиз менен кафеге же кечеге барып калдыңыз дейли...
Жигитиңиз бир кезде жаңы таанышкан кыздын отургучунун сүйөнгүчүнө колун коюп, батинкесинин тумшугу менен кыздын туфлисине тийгизип отурууга өтсө...
Сиз сыртка чыгып, кайра келатканыңызда жигитиңиздин кыздын колун же ийнин же кофтасындагы кооздукту кармалап отурганын байкасаңыз...
Анан сиз жакындаганда жигитиңиз кыз менен сүйлөп жаткан темасын өзгөртүп калса...
Кече бою сизден алыс, коноктор арасында болуп, өзүнүн эркин экендигин көрсөткүсү келсе...
Кече же кафеден чыккандан кийин маанайы бузулуп, сизге «туура эмес сүйлөп койдуң» же «катуу күлүп койдуң" сыяктуу сөздөрдү айтып, жемелөөгө өтсө... анда ал сизди чындап сүйөөрүнөн күмөн санай берсеңиз болот.
МЫРЗАЛАР ҮЧҮН Сүйлөшкөн кызыңыз менен кафеге же кечеге барып калдыңыз дейли...
Кызыңыз сиз менен кечедеги (кафедеги) жигиттерди салыштырып, "Карачы тигини, бою узун жигит экен. Сен да ошондой болгонуңда го... Келишимдүү кийинет экен, а сен эмнеге андай кийинбейсиң? Карачы, ал кызын не деген гана тамак, суусундук менен сыйлап жатат" дегендей сөздөрдү айтса...
Кызыңызды жаңы тааныштарынын бири белинен бекем кучактай бийлеп, саамайынын сыласа, ал сылык эскертүүнүн ордуна унчукпаса...
Сизди унутуп, бир эле адам менен улам-улам бийлесе...
Бир кезде эле сизге эскертпестен бир топко жоголуп кетсе...
Жаңы эле таанышкан жигитке сиздин көзүңүзчө эле телефон номерин берсе... анда анын сүйүүсүнүн бекемдигинен шек санай берсеңиз болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.