АРОМАТЕРАПИЯ - ЖЫПАР ЖЫТТУУ ДАРЫ

Сулуулук – денсоолуктан көз каранды. Андыктан, сулуу бойдон калуу үчүн денсоолук-тун чың болуусуна аракет жасоо кажет. Ал эми бүгүн кеп боло турган кызмат сулуулук жана денсоолук деген эки түшүнүктү тең камсыз кыла тургандардын катарына кирет. Кызыга баштады-ңызбы? Анда макалага назар салыңыз.

Жыпар жыттуу терапиянын жаралыш тарыхынан
Ароматерапия – жыттуу эфир майларынын жардамы менен дем алуу жана тери аркылуу организмди дарылоо. Бул типтеги дарылоо пайдалуу гана болбостон, денсоолукту чыңдоонун эң жагымдуу жолдорунун бири.
Дарылыгы күчтүү жыттуу чөптөрдү эң алгачкы жолу адамдар биздин заманга чейин IV кылымда эле Египетте жараттарды айыктыруу максатында колдонушкан. Кийин бул багытта айтылуу араб дарыгери Абу Али Ибн Сина жеткиликтүү иш алып барган. Ал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрүн таап, алардын адамдын организмине тийгизген оң таасирин изилдеп, иш жүзүндө пайдаланган. Андан соң мындай дарылоо түрү Индияда таралат да, ал өлкөнүн жыттуу дары чөптөрү бүткүл Азия боюнча белгилүү болуп, кийинчерээк Батыш медициналык рецепттеринин катарына кирген. 20-кылымдын 20-жылдарында парфюмер Морис Гаттефос эфир майларынын медициналык таасирин изилдеп, химиялык каражаттарга караганда эссенциялардын таасири күчтүүрөөк экенин далилдеген.
Ароматерпиянын негизги курамында адатта жалбыз, эвкалипт, лаванда, гвоздика, каз таман, сандал өсүмдүктөрү кездешет. Булардан сырткары, дарылык касиети күч жыттуу чөптөр четтен чыгат.

Массаж коштогон ароматерапиянын артыкчылыгы
Негизи, ароматерапияны жеңил массаж менен бирдикте пайдаланса, таасири алда канча күчтүүрөөк болот. Адатта бул массаж колду жай айланткан кыймылдар менен жасалат. Эфир майларын сүйкөө менен жасалган мындай назик кыймылдар дененин ошол бөлүгүндөгү кантамырлардын иштешин жакшыртат да, кандын айлануусу оңолот. Ошондой эле мындай дарылоо түрү күнү бою топтолгон терс маанайдан арылууга көмөк­төшөт, денедеги ашыкча туздардан арылтат, булчуңдардагы ооруларды азайтат. Аталган өзгөчө массаж бизде 450 сомдон жогору турат. Массаж коштогон ароматерапиянын артыкчылыгы бул эле эмес.

Негизги сыры – жыттарда
Борбор калаабызда мындай кызмат көрсөтүүчү жайлар дээрлик ар бир көрүнүктүү сулуулук, эс алуу борборлорунда бар. Андай жайлардын бири – “Афродита” айымдар борбору. Жалпыга белгилүү бул борбордо ароматерапия боюнча адис Бухан Ольга Владимировна биз менен кесиптик сырларынан бөлүштү. Анын айтымында, аталган жагымдуу кызмат бизде 1990-жылдардын башынан бери колдонула баштаган. Ароматерапиянын күчүн сынап, бул кызматты пайдалангандар ар кандай максаттар менен келишет экен. Кардарлардын кээбирлери жөн гана жумуштан чарчап же күнүмдүк турмуштун ызы-чуусунан баштарын сергиткилери келсе, башкалары күч топтоп алуу ою менен кайрылышат. Адатта келген кардарларга жыпар жыттуу чөптөрдүн негизинде жасалган майлардын түрлөрү сунуш кылынат. Алар өзүнүн маанайына, табитине жараша жыпар жыттуу майларды тандап алышат. Себеби, жыт адамга жакпаса, эң күчтүү делген майдын да таасири болбойт. Ошондой эле колдонулган май өз өлчөмүнөн ашпашы керек. Мисалы, жаш дене улгайган денеге караганда, ачык түстүү дене кара тору түстүү денеге караганда сезимтал келет. Бул шарттарды эске алган соң адамдын өзүнө жаккан жыттуу майлар менен денени жибиткен массаж жасалат. Бул массаж көңүлдү тынчтандыруучу жагымдуу музыка менен коштолот. Мындайда кызматтын таасири күчтүүрөөк болоорун айттырбай түшүнсө болот. Бири-бирине көмөк болгон жагымдуу музыка менен жыт адамдын энергетикалык зоналарын ачат да, оңой таасирленүүгө алып келет. Алгач ароматерапия аркылуу көңүлүн тынчытып, эс алууга келген адам массаж бүткөндөн соң кадимкидей күч топтоп алганын сезет. Айтып өткөндөй, ароматерапия адамды эс алдыруу, ага жагымдуу маанай тартуулоодон баштап орчундуу оорулардан арылтуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ. Кыш мезгилинде ароматерапиянын негизинде иммунитетти чыңаса болот. Ошондой эле баарыбызга ыңгайсыздык жараткан сасык тумоого да жакшы даба. Ал үчүн ромашканын эфир майын жыттоо кажет. Мындан сырткары, бул кызматты шишиктерден, денедеги ооруксунуудан арылуу үчүн да пайдаланууга болот.
Жагымдуу жыт менен чарчаганын жазып, сергигиси келгендерге бир канча майлардын аралашмасы сунуш кылынат. Мисалга алсак, кадимки шабдаалы менен розанын аралашмасы укмуштуудай ажайып жытты пайда кылат. Мындай жыпар жыттын тартуулаган ырахаты кымбат баалуу француз атырларынын жытынан кем калышпаганы үчүн ароматерапияда бул жытка суроо-талап күч.

Үй шартында да колдонууга болот
Адамдын жандүйнөсү менен денеси бир гармонияда болуп, көңүлү жайында болсо, адамдын көздөрү жайнап, көңүлү чалкып, сырткы келбети да көзгө жагымдуу болуп чыга келет. Адамга дал ушундай мүмкүнчүлүк берген ароматерапияны такай колдонуучулардын териси жаш баланыкындай жылмакай, өңү жагымдуу болуп өзгөчөлөнүп калат. Бул майларды баш, ашказан ооруганда, сасык тумоодон улам дем алуу кыйындаганда ичип, жүдөткөн мындай дарттардан арылууга болот. Ошондой эле жыттын өзүн гана колдонгусу келгендер жыттуу шамдарды күйгүзүп эс алса да болот. Үй шартында ароматерапияны бардык каалоочулар жасай алат. Айтылган жыттуу шамдар базарларда, дүкөндөрдө кенен сатылат. Өзүңүзгө жаккан жыттуу майды тандап алып, шамга тамчылатып коюп анын жыты менен уктаса жакшы. Же болбосо ваннага түшөөрдө сууга майдан тамчылатып жатса да ароматерапиянын ажайып таасирин сезүүгө болот.

Даярдаган Махабат Догдурбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 292, 6-12-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан