16-август күнү Бакыт Букаев уулдуу болду. Шоумен келинчегинин ай-күнү жакындап калганда Чолпон-Ата шаарынын ооруканасына жеткирип коюп, борборго шашылыш баса берген. Артынан тез эле 4 килограмм 700 граммдагы ымыркайлуу болгондугу тууралуу сүйүнүчтүү кабар келген. Бакыт мырза уулуна ат коё элек. Буга анын “Ысык-Көл сулуусу” сулуулар сынагын өткөрүү үчүн уюштуруу иштери менен Бишкекте жүргөндүгү себеп болууда. Кырктан ашканда балалуу болуп маңдайы жарылган мырзанын бешик боосу бек болсун дейбиз!