Сахнада эркелей бийлеп-ырдаган Чолпонай эми алпаруучулукту аркалаганы турат. Тактап айтканда, “СуперTV” телеканалында “Жылдыздуу үй” аттуу долбоорду баштамакчы. Бул долбоордун аты айтып тургандай, ырчы кыз белгилүүлөрдүн үйлөрүн кыдырып, кызыктуу көрсөтүү уюштурат. Берүүнү алгач өз үйүнөн баштаарын да билдирди. Айтмакчы, “СуперTV” телеканалына аты белгилүү ырчылар да алпаруучу болорун телеканалдын жетекчиси Сүйүн Токсобаев билдирет. Андыктан кызыктын баарын “СуперTV” музыкалык телеканалынан табасыздар.