ЖЫЛДЫЗДАР АШАРДА

Бийчи жигит Бакыт Байсариев борбордогу №4-шаардык оорукананын жанына 4 кабаттуу заңгыраган үй салып жаткан эле. Жубайы көз жарганга саналуу эле күндөр калгандыктан үйдү бүтүрүүгө катуу киришкенби, айтор, достору Урмат Усенов, Сема, Замир Арыкбаев, Эрмек Нурбаев, Макс Бегалиев жана жакын досторун кошуп, ашар уюштурду. Жылдыздар бийчи досунун үйүнүн биринчи кабатын бүтүрүүгө жардамдашышты. Урмат Усеновго топуракты жумшартуу милдети тийип, килейген лом менен иштейм деп бели бекчейсе, Макс Бегалиев, Сема, Замирлер топурак ташыйбыз деп колдору үзүлүп түшө чарчашыптыр. Кара жумушка кичине жалкоо Эрмектин элдин маанайын ачам деп тили чарчаптыр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан