ЕВРОПАНЫН XII ЧЕМПИОНАТЫ

Талашсыз түрдө жылдын башкы футболдук окуясы болуп 7-июнда старт ала турган “ЕВРО-2008” турнири эсептелет. Австрия жана Швейцария өлкөлөрүндө өтүүчү бул иш-чара тарыхтагы эң ийгиликтүү мелдеш болушу мүмкүн. Бул мелдешке спорт күйөрмандары ар тараптан даярдыкта күбө болсун деген максатта төмөнкү атайын мини-энциклопедияны сунуш кылабыз...

ТАРЫХЫНАН
Футбол боюнча Европанын алгачкы биринчилиги 1960-жылы өткөрүлгөн. Чемпионатты уюштуруу идеясы Франциянын ФФсынын жана УЕФАнын жетекчиси Анри Делонеге таандык. Европанын чемпионаты алгачкы мезгилдерде “Улуттук Европалык кубок” деп аталган. Францияда өткөн 1-мелдештин тандап алуу этабына 17 команда катышып, финалдык баскычында СССРдин командасы чемпион аталган. Андан бери чемпионат сайын катышуучулардын саны көбөйүп, катышуучулардын саны 52ге жетти. Ал эми финалдык этапта 16 команда өз ара таймашат.

ЗАМАНБАП КУБОК
Европанын 13-чемпионатынын өзгөчөлүгү жаңыланган кубок болуп саналат. Жаңы сыйлык 1960-жылкы үлгүдөн 2 килограммга оор жана 18 сантиметрге бийик болуп, “Asprey London” компаниясы тарабынан кайра жасалды. Жогорку сапаттагы күмүштөн жасалган Анри Делоненин кубогунун салмагы 8 килограммга жана бийиктиги 60 сантиметрге барабар.

АВСТРИЯ ЖАНА ШВЕЙЦАРИЯ
“Евро-2008” турнири бир эле мезгилде кожоюну 2 өлкө болгон экинчи мелдеш болуп калды. Буга чейин 2000-жылы Европанын биринчилиги алгач 2 өлкөдө өткөрүлүп, Бельгия жана Нидерланды конокторду кабыл алган. УЕФАнын чечими менен «Евро-2008ди» өткөрүү атактуу Альпы тоолорунун боорунда жайгашкан композиторлордун жана банктардын мекени болгон 2 коңшу өлкөгө буюрду. Чемпионаттын оюндары ар өлкөдө 4төн шаарда өтөт. Алар: Австриянын Вена (Эрнст Хаппель стадиону, 50 миң орунга ыңгайлаштырылган), Зальцбург (Вальс-Зиценхайм, 30 миң), Инсбрук (Тиволи-Ной, 30 миң), Клагенфурт (Вертерзее, 30 миң) жана Швейцариянын Базель (Санкт-Якоб Парк, 40 миң), Цюрих (Летцигрунд, 30 миң), Женева (Стад-де-Женев, 30 миң), Берн (Стад-де-Суисс, 30 миң) шаарлары. Чемпионаттын ачылышы 7-июнда болуп, чемпиондук үчүн чечүүчү беттеш 29-июнда өтмөкчү.

“МАЙРАМДЫН КҮНӨӨКӨРЛӨРҮ”
Чемпионатка катышуу укугуна ээ болгон 16 команданын ичинен 9у Европанын чемпионатында жеңүүчү атала элек. Алар: Швейцария, Португалия, Түркия, Хорватия, Польша, Австрия, Румыния, Швеция жана Орусия. Калган 7 команданын ичинен эң көп жолу чемпион аталганы Германия (3 жолу) жана Франция (2) болсо, калгандары 1 жолудан утууга жетишкен. Ал эми учурдагы чемпион болуп Греция (2004) эсептелет.

ЫР МЕНЕН СУЛУУЛУК ДА МАЙРАМ ҮЧҮН
“Евро-2008дин” расмий ыры катары белгилүү испаниялык аткаруучу, дүйнөлүк даражадагы жылдыз Энрике Иглесиастын «Can you hear me?» (Сен мени угуп жатасыңбы?”) аттуу композициясы тандалды. 3 мүнөт 44 секундага созулган ырын Энрике 29-июнда финалдык беттештин алдында аткарып берет. Футбол темасына кеңири орун берилген бул ырдын клиби коомчулукка 9-июндан баштап тартууланат.
Өзүн футболдун чыныгы күйөрманы деп эсептеген Энрике өз өлкө­сүнүн футболчуларын ушинтип шыктандырган чакта чехиялык Доминика Гузварова да андан артта калган жок. Ал 31-майда Германиянын Руст шаарында өткөн “Евро-2008 периси” сулуулар сынагында жеңүүчү аталды. 22 жаштагы пери калган 15 өлкөнүн өкүлдөрүн артта калтырып, өз өлкөсүнүн футболчулары да жеңүүчү аталышаары тууралуу тилегин билдирди. Аталган сулуулар конкурсунда 2-орунду түркиялык Филиз Хейлманн ээлесе, грециялык Мариола Шабанай 3-орунга татыды.

МЕЛДЕШ КАНЧА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?
Австриянын Өкмөтүнүн эксперттеринин эсептөөлөрү боюнча, Австрия үчүн кирешенин өлчөмү 400 миллион евро болмокчу. Мындан тышкары, мелдеш учурунда Австриянын 10 миң жараны кошумча жумуш менен камсыздалат. Айта кетсек, 2004-жылкы Европанын биринчилиги Португалияга 400 миң евро киреше алып келип, өлкөнүн экономикалык кризистен чыгуусуна шарт түзгөн.

“ЕВРО-2008” ЖАШ КУРАККА КАРАБАЙТ
УЕФАнын атайын изилдөөсүнүн негизинде мелдешке катышучулардын ичинен эң жаш команда делинип Орусиянын командасы табылды. Г.Хиддинктин шакирттеринин орточо жаш курагы – 26. Ал эми Швециянын командасы орточо 29 жаш курагы менен эң картаң команда болмокчу. Футболчулардан мелдештин эң жаш оюнчусу швейцариялык Эрен Дердийок (12-июнда 20 жашка толот) болсо, ал эми австриялык 38 жаштагы Ивица Вастич – мелдештин эң картаң оюнчусу.

“АЧЫЛЫШ-ФУТБОЛЧУЛАР”
Англиялык абройлуу “The Guardian” басылмасы атайын изилдөө жүргүзүп, “Евро-2008дин” жаңы жылдыздарын аныктаган. 5 жаш футболчудан турган тизме төмөнкүчө: Батефимби Гомис (Фра.), Туран Арда (Түр.), Даниэл Гуиса (Исп.), Антонио Ди Натале (Ита.) жана Лука Модрич (Хор.).

ЕВРОПАНЫН 13-ЧЕМПИОНУ КАЙСЫ КОМАНДА БОЛОТ?
Швейцариялык UBS банкынын адис финансисттери мындан 2 жыл мурда Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинин алдында болочок чемпион тууралуу божомолдорун беришкен. “Көзү ачыктар” төмөнкү факторлорду эске алышкан: команданын тактикасы, күйөрмандардын колдоосу, географиялык жайгашуусу, командалардын дүйнөлүк рейтинги ж.б. Ошондо аталган компания “дүйнөнүн чемпиону Италия командасы болот” деп туура божомолдошкон. Эми бул ирет да алар аталган жагдайларды эске алып, Европанын болочок чемпионун болжолдошкон. Натыйжада, бул сапар Италия финалга чейин жетип, Чехияга утулууга аргасыз болмокчу. Ошондой эле учурда футбол адистери да болочок чемпион тууралуу өз пикирлерин айтышууда. Алардын көпчүлүгү чемпиондук үчүн даана башкы талапкер жоктугун баса белгилешип, “каалаган команда чемпион боло алат” дешүүдө. Чындыгында, мындай пикирди 4 жыл мурда Греция тастыктай алган.

«Евро-2008» үчүн «Adidas»
фирмасы иштеп чыгарган Europass тобу

Даярдаган Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 292, 6-12-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан