Режиссёр Замир Эралиев “Курманжан датка” аттуу тасма тартып жаткан кези. Cъёмка Алай жергесинде тартылып бүтүп, учурда Камчыбекти дарга аскан жери Ош жергесинде ишке ашууда. Курманжан датканын уулу Камчыбектин жубайы Аселдин ролун ырчы Сайкал Садыбакасова жаратты. Өмүрүндө атка жакын барбаган Сайкал ат мингенди бир саат ичинде өздөштүргөн. Ырчы жайдын күнү эртеден кечке элечек, кабат көйнөк, чыптама кийип жүргөндөн кыйналган. Бирок режиссёрдон "ролуңду мыкты аткардың" деген мактоо сөз уккан. Ошентип, Сайкал башка кесиптештериндей эле тасма тарыхында калганы турат.