Блокбастер — бул термин "кинематографияда көп каражат топтогон тасма" деген маанини билдирет. Мындай атак алуу үчүн, тасма бир күндө 1 миллион каражат топтошу шарт. Англис тилинен которгондо, “блокбастер” – “аймакты талкалоочу бомба” деген түшүнүктү билдирет.
Вестерн – (англисчеден которгондо "батыш" дегенди билдирет) түрдүү жанрды кучагына батыра алган тасма. Бир эле тасмада комедия, боевик, детектив, триллер атүгүл фантастика кошулса, вестерн деген түшүнүккө ээ болот. Вестерн фильмдин мыкты үлгүсү катары “Биллди өлтүрүү” тасмасын айтсак болот.