Өткөн аптанын жыйынтыгы боюнча эң көп каражат топтогон тасма Сильвестр Сталлоненин “Ээ-жаа бербегендер” тасмасы болду. Голливуддун мыкты актёрлорун топтогон бул тасмада Сильвестр Сталлоне продюсер, режиссёр жана актёр боло алды. Бирок режиссёр мырза муну менен токточудай эмес. Анткени ал эмки жылы аталган тасманын 2-бөлүгүн элге тартуулоону көздөп турат. Мындай чоң долбоор көп каражатты талап кылат эмеспи. Биринчи тасма бизнесмен Аве Лернердин колдоосу менен жарык көргөндүгүн, эми биринчи тасмадан түшкөн каражатка уландысын тартарын айтты.