“Рыскан” киностудиясы кезектеги тасмасын тартууламакчы. Эсиңизде болсо, бул студиядан “Дудук кыз” аттуу фильм жарык көргөн. Фильмдин продюсери – Рыскан Жоомартова, режиссёру – Жаныш Кулмамбетов. Жаштык, сүйүүнү чагылдырган бул мелодрамада башкы ролду ырчы жигит Айдин Шер аткарган. Салт болуп калгандай эле кино тартыларда табак сындырып ишке киришишкен. Тасма Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында тартылган. "Жалгыз турна" тууралуу кийинки сандарыбыздан окуй аласыздар.