Кайрадан өз кызматына келген Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Айгүл Рыскулованын 1200дөн ашуун чет жердик ишкерлердин өлкөдөн чыгып кеткендиги жөнүндө билдирүүсү көптөгөн ЖМКда жарыяланды. Бирок биз аталган министрликтин басма сөз кызматы менен байланышканда бул маалыматтын одоно бурмалангандыгын билдиришти.
“Алардын чыгып кеткени ырас. Бирок түштүктөгү кырдаалдан улам өлкөсүнө убактылуу кетишкен. Бирок алардын бизнеси Кыргызстанда калып, бүгүн деле иштеп жатат”,- дейт. Сөздүн төркүнү Кара-Суу базарында иштеген 1200 кытайлык соодагерлер жөнүндө болууда. Ош окуясы учурунда аларды Кытайдын өкмөтү алып чыгып кеткен. Алар азырынча кайтып келе элек.