ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жума ортосунда Өмүрбек Текебаев Түркия жумуриятынын президенти Абдуллах Гүл менен кезигип, ага Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал туурасында айтып берди.
Кыйын кезеңде колун сунуп, жардамын берген жалпы түрк элине ыраазычылыгын билдирген Өмүрбек Текебаевге түрк журт башчысы Кыргызстанды бүтүндөй түрк ааламы колдоп, көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Андан соң эки тарап өлкөдө жүрүп жаткан конституциялык реформа туурасында пикир алмашып, Абдуллах Гүл Баш мыйзам жаатындагы реформаларда Өмүрбек Текебаевдин орду зор экенин белгилеп өттү.
“Түркия Кыргызстандын парламенттик нукта кайра жаралышын колдойт. Парламенттик республика катарында биздин өлкө Кыргызстанда жаңы башкаруу формасы түптөлүп жана бекемделишине моралдык да, материалдык жана методикалык да көмөк берүүгө даяр”,- дейт президент Гүл.
Ошол эле күнү Өмүрбек мырза баштаган топ Түркиянын Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен кезикти. Анын айтымында, Түркия мамлекетинин дүйнө жүзүндөгү бардык элчиликтерине түркиялыктарга теңей эле Кыргызстандын жана анын жарандарынын кызыкчылыгын, укугун коргоо боюнча тапшырма берилген.
Кечээ кыргызстандык делегация Түркия парламентинин спикери Мехмет Али Сахындын кабыл алуусунда болуп, андан соң мамлекеттик министр Фарук Челик менен да пикир алышты. Ошондой эле сапар алкагында кыргызстандык саясатчылар “ХХI” стратегиялык борбору жана Стратегиялык иликтөө институтунда болушту.
Ал эми 20-августта Өмүрбек Текебаев Түркиянын мурдагы президенти Сулейман Демирел менен жолукмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан