ХАН САРАЙЛАР БАЛА БАКЧАГА АЙЛАНАБЫ?

Экс-президент Курманбек Бакиев 7-апрелден кийин баш калкалаган Жалал-Абад облусундагы Тейит айылында жайгашкан үйлөр оңдолуп жаткандыгын Жалал-Абад шаарынын тургуну Аскар кабарлады. Экс-президенттин туугандарына тиешелүү бир көчөдөн орун алган үйлөр май айындагы баш аламандыкта өрттөлгөн.
Шаардын тургуну Аскардын айтымында, курулуш иштери июнда эле башталып, ал жерде өзбек улутундагы усталар жалданып иштеп жатышат. Эл арасында үйдү Кадыржан Батыровдун тарапташтары өрттөгөнү айтылып, «өч алуу максатында Максим Бакиев анын бала-чакасын барымтага алган» деген кептер тараган. Азыр «Кадыржан Батыров балдарын куткарып алуу үчүн өрттөлгөн үйлөрдү кайра калыбына келтирип жатат» дешүүдө.
Бирок Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Каныбек Бакиев ал үйдөн чыгып бара жатканда элге “үйдү бала бакча кылып алгыла” дегенин айтышат. Азырынча курулушту ким баштаганы жана кайсы каражатка усталар жалданганы тууралуу так маалымат жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан