ИОСИФ КОБЗОН ООРУКАНАДА

70 жаштагы Орусиянын Эл артисти, депутат Иосиф Кобзон үстүбүз­дөгү жуманын башында оор абалда ооруканага жеткирилгени туурасында маалымат тараган эле. Анын абалын билүүгө кызыкдар болгон кабарчыларга ырчынын жеке жардамчысы: “Эч кандай маалымат бере албайм. Болгону, алгачкы күндөрү Иосиф Давыдович тамак оорусунун өтүшүп кеткенине байланыштуу оор абалда реанимацияда жатты. Анын кайсы ооруканага жаткандыгын да айта албайм”,- деп жооп берген. Эске салсак, Иосиф Кобзондун денсоолугунун начарлаганы 2001-жылы Казакстанга болгон гастролдук сапарында эле билинген. Кийин өз мекенине келип дарылануу учурунда кан алмаштырууга да муктаж болгон эле. Ошондон бери ырчы дарыгерлердин жардамына көп кайрылып жатканы маалым.

ЕВГЕНИЙ ПЛЮЩЕНКО МЕНЕН ЯНА РУДКОВСКАЯ БАШ КОШУШАТ
Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиада жана Дүйнө чемпиону, атактуу орус фигуристи Евгений Плющенко жакында белгилүү ырчы Дима Биландын продюсери Яна Рудковскаяга баш кошот. “Көптөн бери күтүп жүргөн махабатыма жолуктум. Мен буга эч качан өкүнбөйм. Анткени, Яна мени бардык жерде колдоп, түшүнө билет. Бир ирет үйлөнүп мындай турмуштан көңүлүм калып, ажырашууга аргасыз болгонумда “экинчи үйлөнбөйм” деп ойлогом. Бирок, Яна мени сүйүүдөн чочулабоого үйрөттү. Жашоодо жакшы аялдар бар экенине ынандырды. Ооба, биринчи никемдин бузулушуна өзүм күнөөлүүмүн, эми андай каталарды кетирбегенге аракет кылам”,- дейт бул тууралуу Евгений. Сүйүшкөн жуптар бир канча айдан бери жакын мамиледе жүрүшсө да ушул күнгө чейин эл алдына ачыкка чыгышкан эмес. Айта кетчү нерсе, Евгенийдин биринчи никесинен Егор, ал эми Янанын Коля, Андрей аттуу эгиз уулдары бар.

КҮЗҮНДӨ “ФАБРИКА ЗВЁЗД-8” СТАРТ АЛАТ
Бул теледолбоорду баштоо үчүн катышуучуларга кастинг өткөрүү үстүбүз­дөгү жылдын май айына белгиленген эле. Бирок, быйылкы жылы болочок жылдыздар жашоочу “Жылдыздар үйүнүн” кожоюну ал үйдү ижарага берүүдөн таптакыр баш тарткандыгынан улам долбоордун башталышы сентябрь айына жылдырылды. Бирок, “Фабрика звёзд” долбоорунун бул жолку чыгарылышын жетектеген композитор Владимир Матецкийдин айтымында, берүүнүн эфирден старт алуусу андан да узагыраак убакытка жылдырылышы мүмкүн. Анткени, даярдыктар толугу менен аяктай элек.

XZIBIT ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН БАЛАСЫНАН АЙРЫЛДЫ
Өткөн жуманын акырында дүйнөгө белгилүү рэп ырчысы Xzibit чоң кайгыга кабылды. Жаңы эле балалуу болгонуна кубанып, бакыттын асманында калкып жүргөнүндө болгону 11 күндүк баласы чарчап калган. “Ата-эне үчүн өз баласын о дүйнөгө узатып кала бергенден өткөн азап, кайгы, бактысыздык жок көрүнөт. Бирок, мен буга Кудайды күнөөлөбөйм, буйругу жок экен да. Төрөлгөндө эле дем алуу органдары өтө алсыз болгондуктан, врачтар анын жашап кетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү экендигин айтышкан болчу. Бирок, мен буга ишенген эмесмин. Жашоомо кубаныч тартуулаган уулумдан айрылып калууну элестеткен да эмес элем”,- деп ырчы кайгылуу кабарын көпчүлүк менен бөлүшүүдө.

БИЛАНГА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛАБЫ?
Быйылкы жылы “Евровидение” конкурсунан Орусияга биринчиликти алып келген ырчы жигит Дима Биланга күйөрмандары бул жеңиши үчүн эстелик тургузууну ойлонушууда. Алтургай күйөрмандары өлкөнүн президенти Дмитрий Медведевге ачык кат жазышкан. Анда Дима Биланга арналган эстеликтин макети түзүлгөндүгү, анын кайсы орунга ылайыктуу экендиги да пландаштырылганы тууралуу жазылган. Кат ээлери президенттен мамлекет тарабынан эстеликти тургузууга каражат бөлүп берүүсүн суранышкан. “Айрым маалымат каражаттарында айтылып жүргөндөй, Дима биринчилик үчүн 1 миллион евро пара бердиби же өзү айткандай, берген жокпу, бизге баарыбир. Эң негизгиси, өз өлкөсүнүн желегин желбирете алды. Урматтуу президент мырза, Дима таланттуу жигит жана ага эстелик тургузуу биздин милдетибиз”,- дешет алар.

АЛЕКСЕЙ ЯГУДИН МЕНЕН САША САВЕЛЬЕВА ЭМИ БИРГЕ БОЛУШПАЙТ
Белгилүү фигурист Алексей Ягудин менен “Фабрика” тобунун ырчысы Саша Савельеванын ортосундагы сүйүү романын кимдер гана билишпейт. Алтургай быйылкы жылы аларды “Жылдын шоу-бизнестеги эң жарашыктуу жуптары” деп да атап жүрүшкөн. Бирок, алар “биз жаңылыптырбыз, көрсө, пикирлери, ойлору таптакыр келишпеген башка адамдардан экенбиз. Мындай жаңылыштыктар турмушта боло берет” деген билдирүүлөрү менен сүйүш­көндөр эки башка жолго кеткендерин айтышкан. Бирок, көпчүлүк: “Жылдыздардын ажырашуусунун башкы себеби – Алексейдин башка сулуу кыздар менен көңүл ачууну жактыргандыгында”,- деп жүрүшөт.

АНЖЕЛИНА ЖОЛИ ЧЫН ЭЛЕ ТӨРӨДҮБҮ?
Өткөн аптанын жума күнү ар кайсы дүйнөлүк маалымат булактарында «атактуу актриса Анжелина Жоли убагынан эрте Францияда көз жарып, эгиз кыздуу болду. Аттарын Исла Марчелина жана Эмели Жейн Жоли-Пит деп коюшуптур» деген кабар тараган. Бирок, бул маалыматтын жөн гана ушак кеп экендигин Анжелинанын жолдошу Бред Питтин Лос-Анжелес шаарындагы менеджери Синтия Пэтт-Дэнти билдирди. Анын айтымында, учурда актрисанын абалы жакшы, азырынча көз жара элек. Атактуу жубайлар эгиздер жарыкка келээр август айын чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

НАОМИ КЭМПБЕЛЛ 6 АЙГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛЫШЫ МҮМКҮН
Бул атактуу модель кыз 5 жолу мыйзам бузгандыгы үчүн жазага тартылуу алдында турат. Маалыматтар боюнча, Наоми жансакчылары менен бирге күнөөсүз бир нече адамдын укугун тебелеп, аларга кол көтөрүп жана бир жолу жол эрежесин бузган. Моделдин өзүнүн айтымында, ал камалып кетүү­дөн коркпойт. Анткени, канча убакытка камашса да акыры боштондукка чыгаары шексиз.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 292, 6-12-июнь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан