УТРК жана “Азаттык” радиосунун биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” деген долбооруна Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов катышууга келген. Бирок бул чыгарылыш эфирге кетерине жарым саат калганда урунттуу учурлардын бири кесилип салынганы маалым болду. Алсак, алпаруучу Бүбүкан Досалиеванын Кадыржан Батыров тууралуу суроо берип, ага Ө.Текебаев жооп берген жери эфирге эмнегедир чыгарылган эмес.
Өмүрбек мырза бир топ өкмөт мүчөлөрүнүн көзүнчө Азимбек Бекназаровдон «Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине таасирдүү өкмөт мүчөлөрүнүн катыштыгы бар» деген билдирүүсүндө кимди атаганын сураганда ал киши Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин ысымдарын атаганын жооп кылган.
Чындыгында, апрель окуяларынан соң К.Батыров аталган төбөлдөрдүн кабыл алуусунда болгон. Андан кылмыш көрбөгөн Өмүрбек мырза бир имаратта тургандыгына карабастан, экс-кесиптешинин (К.Батыров) эшик какпай кеткенин да капарына илбеген. Бирок неге УТРКдан дал ушул учуру кесилет? Же кыргыз телесинде цензура кайра жандана баштадыбы?