Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышкысы келген саясий партияларды каттады. Анын жыйынтыгында Жогорку Кеңеште орунга ээ болгусу келгендердин саны 57ни чапчыды.
“Чү” дегенде эле Клара Ажибекова жетектеген Кыргызстандын Коммунисттик партиясы каттоодон өтсө, акыркы болуп “Айымдар акыйкат үчүн” партиясы БШКнын тизмесине жазылган. Андан сырткары каттоого турган башкы ондуктун ичинде көрүнүктүү партиялардын катарында “Ата Журт”, “БЭК”, “Республика”, “Ак шумкар”, “Ата Мекен” бар. Экинчи сапта “Замандаш”, “Акыйкат” жана “Ар-намыс” партиялары турат. Баарынан озуп кетпей, артта да калбагандардын ичине “Бүтүн Кыргызстан” менен “ЭрК” партияларын кошууга болот.
Ал эми президент айым чыккан КСДП башка партияларга салыштырмалуу “уйкусурап” турганы (балким, өздөрүнө абдан ишенишеттир) тизмеде да байкалат. Анткени алар шашпай отуруп, 45-орунда катталышкан. Кечээ эле ушул партияда жүргөн, азыр “Айкөл элди” жетектеген Эдил Байсалов “агасына” тартканбы, тизменин 47-сабына илинди.
Бул тизмеге кошулгандардын бири “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы да парламенттеги орундар үчүн күрөшмөкчү. Аталган партия 23-августта кезектеги курултайына даярдык көрүп жаткандыгын билдирди.