Түркиялык “Бешикташ” менен германиялык “Гертанын” экс-футболчусу, 2002-жылкы Дүйнө чемпиондугунун коло медалчысы Ильхан Маншиз муз үстүндө бийлөө боюнча мелдештерге катыша тургандыгын жар салды. 35 жаштагы Маншиз башкы максаты өнөктөшү словакиялык Ольга Бестандигова менен 2014-жылы Сочиде өтүүчү кышкы Олимпиадага катышуу экендигин айтты.
Эске салсак, жакында Сочи Олимпиадасына муз үстүндө бийлөө боюнча катышуу тилегин скрипкачы Ванесса Мэй да билдирген.