Бельгиянын Гран-Приси англиялык Льис Хэмилтон үчүн ийгиликтүү аяктады. “McLaren Mercedes” командасынын автожарышчысы финиш сызыгын 1-болуп кесип өттү. Муну менен ал жекелик жарышта көч башылыкка суурулуп чыкты. Жарышта 2-орунду ээлеген Марк Уэббер (“Red Bull Renault”) тизмеде да 2-орунда баратат. Ал эми финишке 3-болуп жетип келген Роберт Кубица (“Renault”) тизмеде азырынча 7-болуп турат. Мыкты үчилтикти Себастьян Феттель (“Red Bull Renault”) толуктайт.