АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

КАНДУУ АПРЕЛГЕ КИМДЕР КҮНӨӨЛҮҮ?
Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде болуп өткөн кандуу окуяга 28 адам айыпталууда. Бул тууралуу КРнын Башкы прокурору Байтемир Ибраев билдирүү жасады. Мындай кылмыш ишин ачуу үчүн 4 оперативдүү топ дайындалып, кылмышкерлердин артынан түшкөн. Натыйжада,
11 снайпер камакка алынып, ал эми үй шартындагы камакта Эльмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев, Оксана Малеванная жана Молдомуса Конгантиев отурат.
Ал эми төмөнкү адамдар эл аралык издөөдө. Алар: Данияр Үсөнов, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, Мурат Суталинов жана Курманбек Бакиев.

КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА...
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 30-август күнү бизнесмен Роман Шин камакка алынды.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн. Ал арыздын ээси 2002-жылы Роман Шин коркутуп-үркүтүү менен аны тоноп алганын жазган. Арыздануучу Т.Энин айтуусунда, досу Таалай менен казинодо кумар оюнун ойноп, 25 000 доллар утуп алат. Муну көрүп калган Роман Шин ал учурдагы кримавторитет Рыспек Акматбаевдин жигиттерине салып берет. Алар шаардан сырткары алып чыгып, экөөнүн тең автомашинасын тартып алып, уткан акчасынын үстүнө дагы бир топ суммадагы акча "салык" салышат. Натыйжада, курмандыктар үй-мүлктөрүнөн ажырап, Казакстанга сапар алышкан.
Бул кылмыш иши 8 жылдан кийин ачылып, Роман Шин шектүү деп табылган. Бирок сурак учурунда кан басымы көтөрүлүп кетип, Улуттук кардиология бөлүмүнө жатууга аргасыз болгон. Учурда анын палатасына атайын күзөт коюлду.
Маалыматтарга таянсак, Роман Шин бир катар казинолордун ээси, Коммунисттер партиясынын мүчөсү эле.

КҮЧТҮҮЛӨРДҮН ЗАМАНЫБЫ?
25-август түнү Бишкек шаарынын тургуну А.Аны зөөкүрлүк менен тоноп кетишкен. Тоголок Молдо-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде 8 белгисиз адам аны токмоктоп, жанындагы 1000 долларын тартып алышкан. Бул кылмыш ишине шектүү делген 18 жаштагы Ш.Ж. жана 19 жаштагы К.К. кармалды.
Ал эми 30-августта таламандын так түшүндө тоноочулук болгон. Сокулук районунун тургуну 28 жаштагы жигит маршруткада жалгыз калган 30 жаштагы айымды бычак менен коркутуп, жанындагы 2200 сомун тартып алган.

АВТОКЫРСЫКТАН АДАМДАР КАЗА БОЛДУ
29-августта Ош-Бишкек жолунда келаткан ВАЗ-21074 үч адамдын өмүрүн соолутту. Катуу ылдамдыкта келе жаткан автомашина жолдон өтүп бараткан эки кызды кагып кеткен. Айдоочу Э.Эргешбаев жана Э.Эшмуратова ошол жерде, У.Зулпуева ооруканага жеткенде каза болгон. Ал эми айдоочунун жанындагы адам оор абалда ооруканага жеткирилген.

101 билдирет

ТӨРТ АДАМ ООРУКАНАДА
31-августтан 1-сентябрга караган түнү Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан батирге берилүүчү бир катар үйлөр өрткө дуушар болгон. 50 чарчы метрди ээлеген аянтта үй-тиричиликке колдонуучу эмеректер, жууркан-төшөктөр күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр 8 адамдын өмүрүн аман алып калышкан. Анын кесепетинен он айлык наристе, бир эркек, эки аял катуу жаракат алып, ооруканага жатууга аргасыз болушкан. Өрттүн эмне себептен чыкканы учурда такталууда.

КОҢШУДАН КОҢШУГА ӨТҮП…
29-август күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жашасын айылынын Курбаналиев көчөсүндө жайгашкан үйдө өрт чыккан. Эки кабат бастырмада жыйылган 14 тонна чөп толук бойдон күйүп кеткен. Ал өрт токтобой, коңшусунун чарбагына өтүп, анын он тонна чөбү да өрткө дуушар болгон. Өрт өчүргүчтөр алоолонгон жалынды 5 сааттын ичинде араң токтотушкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан