2-сентябрь күнү Роза Шакирова кесиптештерин чакырып, атасына куран окутту. Көз жаш төгүп, кайгыга батып турган ырчыга жакын санаалаштары терең кайгыруу менен көңүл айтышты.
Эскерте кетсек, ырчы кыздын атасы 30-август күнү оорунун айынан көз жумган эле. 66 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды.
Роза айымдын үй-бүлөсүнө жана туугандарына биз да терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.