“Сүйүп калдым кантейин?..” деген саптарын кайра-кайра кайталап ырдаган Эрлан Андашев 29-август күнү туулган күнүн белгиледи. Ушул жылы жаңы квартиралуу болгондугу үчүн ак өргөөсүнө досторун, туугандарын чакырып, жеке майрамын тосту. Эч кимге угуза элек жаңы ырынын бет ачарын да ошол күнү өткөрүп салганын айтат. Эрлан эми сахнага ар дайым аккордеон көтөрүп чыгат экен. Мындан ары ырчынын чыгармалары жалаң аккордеон коштоосунда аткарылабы, жокпу, көрө жатарбыз.