Алтайдан Ала-Тоого атчан келишмекчи болгон жигиттер мекенибизге кайтышты. Айтылган убактан эрте, анан атчан эмес, автобус менен келишкени кызык болду. Ынак Осмоналиевдин концертинде калың элге Тата Улан “21 чоро Манас атабыз түшкөн сууга барып зыярат кылып келдик. Бирок атчан келе албадык, кечирим сурайбыз” деди. Ким билет, мүмкүн, аларга бөлүнгөн акчаны жең учунан бирөөлөр кемирип жибергендир. Бирок бул сапардын сырдуу себебин азырынча эч ким билбейт. Ырчы кырк уруудан барган чоролор жакынкы күндөрү маалымат жыйынын өткөрүп, жүрүш тууралуу аңгеме куруп беришерин билдирди.