Кыргызстан эмес, Казакстанга келин болгон Кенже Дүйшеева чыгармачылыкка кайрадан киришкени турат. Бирок бул жолу легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунда эмес, жеке ырдап калат окшобойбу. Эми эже-кыздай ээрчишип, далай жолу сахнаны багындырган Гүлшайыр Садыбакасова менен Кенженин ортосунда таарыныч болбойт деген ишеничтебиз. Кенжени кайрадан сахнага чыгарып жаткан Талгат жездекебизге рахмат. Ал “кой, ушунча ырдапсың, эми үйдө эле отур” дебей, келинчегинин чыгармачылыгын колдогон мыкты күйөө экенин далилдеди.