Баткен тарапта кайрадан чек ара чыры башталды. Бир канча күн мурун өзбек бийлиги Сох анклавы аркылуу өтүп бара жаткан Кыргызстандын 50 жаранын барымтага алгандыгы айтылган. Азыр бул жолдон өтүү коркунучтуу болгондуктан, толугу менен жабылды.
Ал эми Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын 4 жараны кыргызстандык жаранды токмоктоп, коңшу мамлекеттин аймагына зордоп алып кирүүгө аракеттенгендери үчүн кармалышкан. 30-августта болсо, Өзбекстандын УККсы өзүнүн 12 жараны кыргызстандык бандиттердин колунда экендигин жарыялаган. “Барымтадагылардын арасында бир жоокер да бар”,- дешет алар. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын УКМКсы жокко чыгарды. Кийинки күнү пикир келишпестиктерди жайгаруу үчүн нейтралдуу аймакка барган Кыргызстандын эки офицери өзбек чек арачылары тарабынан барымтага алынды.
Ызы-чуусу көбөйгөн кезектеги чек ара жаңжалы эмне менен аяктаары белгисиз. Ансыз да араң турган кыргыз-өзбек кырдаалын ырбатып жибербесе болгону.