Июнь окуясынан бери үч айга чукул убакыт өттү. Ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларында үйлөрдүн курулушу эми гана башталды. Алсак, Эгемендүүлүк күнүнө жакын Ош шаарынын Анар кичирайонунда 4 кабаттуу үйдүн пайдубалы куюла баштады. Бирок үйдүн кышка чейин бүтүшү күмөн.
Өткөн аптада Ошко барган сапарыбызда Кызыл-Кыштак районуна баш бактык. Бул аймакта кыргыздар менен өзбектер жанаша отурукташкан. Жашоочулар өрттөлгөн үйлөрдүн калдыктарын эми алып чыга башташканын кабарлашты. Текшерүүчүлөр үйлөрдүн абалын карап кетишкени менен, ссуда бериле элек. Алар чатырларда жашап жатышат. “Күндөн-күнгө суук түшүп, түнкүсүн чатырларда үшүп, тумоолой баштадык”,- дешет алар.