Сингапурда болуп өткөн жаштардын Дүйнөлүк I Олимпиада оюндарында ийгилик жараткан биздин спортчуларды Роза Отунбаева сыйлады. Олимпиадада Кыргызстандын 8 спортчусу спорттун 6 түрү боюнча катышты. Грек-рим күрөшү жана дзюдо федерациялары мыкты даярдыгы менен өзгөчөлөнө алышты. Анын ичинен өлкөбүзгө алтын медаль алып келген грек-рим күрөшүнүн чемпиону Урматбек Аматовго 10 миң доллар, ал эми коло медалга татыктуу болгон Шадыбек Сулайманов (грек-рим күрөшү) менен Болотбек Токтогоновго (дзюдо) 5 миң доллардан берилди.
Акчалай сыйлыктан тышкары 11-класстын окуучусу Шадыбек Сулаймановго Жалал-Абад облусунун бийлиги тарабынан эки бөлмөлүү үй берилери да белгилүү болду.