Бул аптанын ачылышына айланган Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киришти. Эми ал жыл сайын 500-700 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарып турмакчы. Ошентип, аталган ГЭСтин иштеши менен бир жылдын ичинде 1,2 миллиард метр/куб сууну үнөмдөөгө болот. Өз учурунда ал Токтогул суу сактагычындагы суунун толуп турушуна жол ачат. Экинчи жана үчүнчү агрегаттар 6 айдын ичинде ишке кирери күтүлүүдө.
Эске салсак, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу Союз учурунда эле башталган. Бирок анын кулашы менен иш убактылуу токтогон. 2007-жылы Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда курулушту жаңылоо демилгеси көтөрүлгөн эле. Ошентип, алгачкы курулуш иштерин баштоо үчүн 300 миллион сом бөлүнгөн.