Көк бөрү федерациясынын президенти болуп кайрадан Молдомуса Конгантиев бекитилди. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Кубанычбек Имамов АКИpress маалымат агенттигине билдирген.
Анын айтымында, 1-сентябрь күнү аталган федерациянын жыйыны болуп өтүп, ага Эл аралык көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Болот Шер дагы катышкан. Бул чогулуштун аягында жалпы добуш менен федерациянын президенттигине Молдомуса Конгантиевди эле калтыруу чечими кабыл алынган.