Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда парламенттик шайлоо өнөктүгүнө катышуу ниетин билдирген партиялардын ичинен биринчилерден болуп “Ата Мекен” социалисттик партиясын каттады. 2007-жылы да аталган партия алгач катталганы эсибизде.
Башка партиялар тизмесин тактай албай турган чакта “Спартак” стадионун 30 миңңадамга толтуруп, тарыхта болуп көрбөгөндөй съезд өткөрүп, БШКга да биринчи болуп катышуу ниетин билдирип, өкүлдөрүн каттап, тизмесин тапшыруу менен “Ата Мекен” Кыргызстандагы саясий партиялардын көч башында экенин дагы бир ирет тастыктады.
А бирок айрым аймактарда, өзгөчө Жалал-Абадда “Ата Мекен” партиясына 5 пайызды да бердирбейли. Эгер кайсы участоктон добуш көп берилсе, ошол аймак жазаланат” деп тымызын коркутуп-опузалаган топ-топ жигиттер көчө аралап жүргөнүн аймактардагы окурмандарыбыз билдиришүүдө.
Кантсе да шайлоо тынч өтсө экен деп тилейли.