30-31-августта КРнын Вале тудо федерациясы Каракол шаарында КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көл облусунун ачык чемпиондугун өткөрдү. Ага өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген спортчулар 7 салмак категориясы боюнча өз ара таймашышты.
Мелдештин жыйынтыгында бишкектик “Локомотив” командасы командалык эсепте биринчи болду. Чемпиондор: Абдрашит Жолдошбай уулу (55, “Стронг-профи”, Бишкек), Асхат Эралиев (60, “Дайыр”, Корумду), Дастан Рысбаев (65, “Ынтымак”, Каракол), Токтобек Аписов (70, “Стронг-профи”, Бишкек), Дмитрий Чернов (75, “Хваранг”, Каракол), Тилек Кийизбаев (80, “Локомотив”, Бишкек), Бексултан Өмүрзаков (+80, “Локомотив”, Бишкек).