Өткөн дем алышта КРнын улуттук чемпиондугунун кезектеги тур оюндары өткөрүлдү. Чемпиондукка ат салышып жаткан 6 команда өз ара күч сынашып, 3 оюнда 11 гол катталды. Бул сейрек кездешүүчү активдүүлүк. “Дордойчулар” “Химикти” (Кара-Балта) 1:0 эсебинде жеңишсе, “Нефтичи” менен “Абдыш-Ата” атаандаштарына 5 голдон киргизишти. Кочкор-Аталыктар “Шерди” жер каратышса, канттыктар “Алганы” артка чегинүүгө аргасыз кылышты. Кийинки турдун борбордук оюну 10-сентябрда Бишкекте “Спартак” стадионунда өтөт. Анда “Нефтичи” менен “Дордой” күч сынашат.
Ушул күнгө карата мелдеш жадыбалы төмөнкүдөй өзгөрүүгө дуушар болду: