Орусиянын белгилүү балеринасы Анастасия Волочкова үй-бүлө куруу алдында турат. Жакында эле Чилиден келген ишкер Дон Мигель ага нике шакегин тартуулап, баш кошууну сунуштаган. Волочкова бул жаңылыгын коомчулук менен бөлүшүп, “кыялым орундалды. Анткени Дон Мигель – чыныгы ханзаада. Анын жанында өзүмдүн жана кызымдын келечегинен кам санабайм” деген.