8-сентябрда "Тумар" радиосунун "Superstar" долбоорунун жеңүүчүлөрүнөн түзүлгөн "Non stop" дуэти өздөрүнүн алгачкы клибинин бет ачарын өткөрүштү. "Эмнеге?" аттуу орус тилинде жазылган бул ырдын клибинде сүйүү азабы көрсөтүлөт. Башкы ролдорду аталган топтун мүчөсү Максат менен Чолпон өздөрү ойногон. Ал эми клипте режиссёр Мирлан Саткымбаевдин эмгеги чоң. Ошентип, бул клиптин бет ачарына келген коноктор жаш ырчыларга ийгилик каалап кайтышты. "Эмнеге?" ырынын клибине сиз да кызыксаңыз, анда биздин WWW.SUPER.KG сайтындагы медиа-порталга баш багыңыз.