Эсиңизде болсо, гезитибизге борбордо тамадалар борбору ачылганын жазган элек. Мына ошол Эшенкул Барпиев башында турган тамадалар тобу 2-сентябрда улуу муундун өкүлдөрүн өздөрүнүн борборуна чакырышты. Кыргыздын чыгаан обончу, аткаруучулары Эрмек Мойдунов, Адылбек Кыязов, Бермет Байкелова, Сабира Суранчиева, Анарбек Ибраев, Алтынбек Сапаралиев, Майрам Дүйшекеева, Сардарбек Жумалиев, Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев, Зейнеп Шакеева, Саламат Садыкова, Гүлсүн Мамашова, Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшев сыяктуу улуу муундун өкүлдөрүнө тамадалар сый-урматын көрсөтүшүп, алардан бата алышты. Көптөн бери бири-бири менен көрүшө элек өнөрпоздор ошентип "эрке балдардын" демилгеси менен чер жаза баарлашып, көңүлдөрү көтөрүңкү кайтышты.