27-30-август күндөрү алыскы Крымдын Евпатория шаарына аттанган Неля менен Нурайым Азыкбаева мекенине кайтып келишти. Дүйнөлүк масштабдагы эл аралык “Чыгыш базары” сынагында Нелянын финалга чыкканы бизди кубантпай койгон жок. Сынакты 11 мамлекеттин өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу көзөмөлдөп, дүйнөлүк эстрада ырчыларынын 50сү келген. Чүчү кулактан биринчи номер туш келген ырчы кызыбыз ийгилик менен мекенибизге кайтып келди. Ал эми Нурайым Азыкбаева финалга жетпей калганын кабарлайбыз. Анан да август айынын этегинде Италиянын Неаполь шаарында өткөн "Canzoni dal mondо" ("Дүйнө ырлары") сынагында ырчы Юлия Руцкая “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон ырчы” деген наамды алып кайтты. Ырчы кызыбыз чүчү кулак кармай келгенде биринчи болуп, “Жамгыр” аттуу ыры менен сынакты ачкан.